2002-жылдан тартып USAID Кыргыз Республикасы менен баштапкы жана жогорку билим берүү тармагында кызматташып келе жатат. Бул колдоо улуттук билим берүү программасынын системалык проблемаларын чечүүгө багытталган. USAID мугалимдерди даярдоону жакшыртуу боюнча жалпы республикалык программалардан баштап, алардын квалификациясын жогорулатуучу мекемелер тармагын өнүктүрүүгө чейинки билим берүүдөгү ийгиликтүү реформаларды колдоп келе жатты.
USAID Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка Университетин аймактагы интеллектуалдык борборго айлантуу үчүн жардам берүүнү улантып жатат. Ошондой эле педагогикалык институттарга жана билим берүү системасындагы финансылык реформаларды жүргүзүүдө USAID маанилүү ролду ойнойт. Мындан сырткары, USAID математика, тилдер жана тарых боюнча заманбап окуу программаларын иштеп чыгууга жардам берет жана Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүүнү уюштурууга техникалык көмөк көрсөтөт. USAID менен Билим берүү жана илим министрлигинин кызматташтыгынын аркасында бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү өз билим деңгээлине жараша жогорку билим алууга тең жана акыйкат мүмкүнчүлүккө ээ болушат. 2012-жылдан баштап, мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларына тапшырууну каалагандарга, Жалпы республикалык тест милдеттүү болуп калды.
Азыркы учурда USAID Кыргызстандагы баштапкы билим берүүчү мектептерде окуучулардын китеп окуу жөндөмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырып, балдардын мындан аркы өмүр бою билим алуусуна пайдубал курууга көмөк көрсөтүүдө. Бул долбоор Кыргызстан боюнча мектептердин 60% камтып, Кыргыз Республикасында 2012-2020-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашып жатат.
Билим берүү жаатындагы USAIDдин долбоорлору:
- "Бирге окуйбуз" долбоору (2013-2017)
- Проект Качественное чтение «Читаем вместе» (июль 2013 - июнь 2017)
- Жалпы республикалык тестирлөөнү колдоо (2002 - 2016)
Жабылган долбоорлор:
- Проект АУЦА «Вперед» (сентябрь 2010 - октябрь 2015)
- Программа студенческого кредитования (2009-2012)
- Программа повышения качества обучения в школе «Сапаттуу билим» (2007-2012)
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.